11-марттан 27-апрелге чейин Бишкекте Кыргызстандын Универсиадасы өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага өлкөнүн бир катар жогорку окуу жайларынан келген 2500—3000ге жакын студент катышат. Алар спорттун 15 түрү боюнча күч сынашат.
Универсиаданын расмий ачылыш аземи 12-мартта саат 15:00дө Бишкек шаарындагы «Газпром» ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өтөт.
- Волейбол;
- Баскетбол;
- Футзал;
- Ордо;
- Тогуз коргоол;
- Шахмат;
- Жеңил атлетика;
- Оор атлетика;
- Эркин күрөш;
- Грек-рим күрөшү;
- Самбо;
- Дзюдо;
- Бокс;
- Кыргыз күрөшү;
- Стол тенниси.

