11:59
USD 87.44
EUR 101.41
RUB 1.12

Акын Аскат Жетигенге ырайым берилеби? Президенттин жообу

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине вебкам студиялардын негиздөөчүсү аталган Даниел Ажиевдин айланасындагы кептерге жооп берип жатып, абактагы акын Аскат Жетигенди бошотуу маселеси боюнча да билдирди.

Өлкө башчысы акын ырайым сураса карап көрүшү мүмкүн экенин белгиледи.

«Мен кимди чыгарышты, кимди чыгарбашты тандабайм. Ким ырайым сурап арыз менен кайрылса, арызынын негизинде чечим кабыл алам. Арыз менен кайрылбаган соттолуучуну кантип чыгарам. Арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз», — деди Жапаров.

Эске сала кетсек, Аскат Жетиген — массалык башаламандыктарды козутуу жана бийликти басып алуу боюнча айыпталып, үч жылга эркинен ажыратылган белгилүү акын жана жарандык активист. Кылмыш иши 2024-жылдын мартында башталган. Айыптоолор Жетигендин социалдык медиадагы видео билдирүүлөрүнөн келип чыккан, анда ал бийликтин аракеттерин сындаган.

Эң көп окулган жаңылыктар