10:29
USD 87.44
EUR 101.41
RUB 1.12

Бүгүн Бишкекте Уркуя Салиевага арналган көргөзмө ачылат

Бүгүн, 6-мартта М.В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде «Уркуя Салиева — кайраттуулуктун жана эркиндиктин символу» аттуу көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө көрүнүктүү коомдук ишмер Уркуя Салиеванын өмүрү жана коомдук ишмердүүлүгүнө арналат.

Анда архивдик сүрөт, документтер жана «Отко таазим» көркөм тасмасы аркылуу Уркуя Салиеванын тарыхтагы орду жана коомдогу тең укуктуулук үчүн күрөшү чагылдырылат.

Иш-чара кыргыз коомунун өнүгүшүндө аялдардын ролун даңазалоого багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар