Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында трагедиялуу өрт чыгып, төрт бала каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов коомчулукка кайрылганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Министр кайрылуусунда «Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында өрт кырсыгынан төрт наристенин чарчап калганы тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Бул окуя баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутуп, чоң өкүнүч жаратты.
Маркумдардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Мындай оор жоготууну сөз менен жеңилдетүү мүмкүн эмес. Сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшүп, сабыр тилейбиз», -деди
Министрлик тилекке каршы, мындай кайгылуу окуялар буга чейин да катталганын белгиледи. Өткөн жылы Ош шаарында өрт кырсыгынан 34 жаштагы эне беш баласы менен кошо каза болгон, Бишкекте карылар үйүнөн чыккан өрттөн эки адамдын өмүрү кыйылган.
Министр «Электр жабдууларын туура пайдалануу, бузук же кооптуу зымдарды колдонбоо жана үйдөгү өрт коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу — ар бирибиздин милдетибиз. Өрт кайдыгерлик мамилени кечирбей турганын турмуш көрсөтүүдө.
Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бардык жарандарды өрт коопсуздугун жана электр энергиясын колдонуу эрежелерин так сактоого чакырат. Ар бирибиз өз үй-бүлөбүздүн жана балдарыбыздын коопсуздугуна жоопкерчилик менен карайлы», -деп баса белгиледи

