10:03
USD 87.45
EUR 101.43
RUB 1.13

Бүгүн Бишкектин эки конушунда таза суу өчүрүлөт

Бүгүн, 5-мартта Бишкек шаарындагы Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарынын тургундарына суу берүү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объекттерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат.

Бул чара «Ала-Тоо» суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу болууда.

«Бишкексууканал» ишканалар жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар