11:33
USD 87.45
EUR 103.10
RUB 1.14

Албаниядагы рейтингдик мелдеш: Эрназар Акматалиев алтын медаль жеңип алды

Фото UWW. Эрназар Акматалиев

Кыргызстандык Эрназар Акматалиев Албанияда өткөн эркин күрөш боюнча рейтингдик турнирде алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен дүйнө күрөш уюмунун (UWW) сайтында айтылат

70 кг салмактагылар арасында ал финалда америкалык балбан Алек Уильям Понталехону 3:2 эсебинде жеңип алды.

Буга чейин Акматалиев Орусия, Молдова жана Казакстандын өкүлдөрүн жеңген.

Дагы бир кыргызстандык Залкарбек Табалдиев ушул эле салмакта коло медалды жеңип алган.

Эң көп окулган жаңылыктар