Жогорку Кеңеште эки тармактык комитеттин төрагалары алмашты. Парламенттин депутаттары добуш берүүдөн кийин тиешелүү чечим кабыл алышты.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Сүйүнбек Өмүрзаков Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.
Ал эми Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымы болуп, депутат Гүлкан Молдобекова шайланды.
Эске сала кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште эки тармактык комитеттин жетекчилери Болотбек Борбиев жана Гүлсункан Жунушалиева кызматтарын тапшырышкан.

