11:37
USD 87.45
EUR 103.05
RUB 1.14

Бүгүн Кыргызстан аймагында болжол менен 3,0 баллга жеткен жер титирөө болду

Бүгүн, 25-февралда эртең менен Кыргызстан аймагында болжол менен 3,0 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылыйык, жер титирөөлөр саат 5:07де катталган. Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн ичинде Кызыл-Тоо айылынан 2 чакырым түндүк-чыгышта, Кайрат айылынан 4 чакырым түштүк-чыгышта, Заргер айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта, Эркин-Тоо айылынан 6 чакырым түндүк-батышта жана Маяк айылынан 6 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.

Жер титирөөлөр Кайрат, Заргер жана Кызыл-Тоо айылдарында болжол менен 3,0 баллга, ал эми Эркин-Тоо жана Маяк айылдарында 2,5 баллга жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар