13:28
USD 87.45
EUR 103.28
RUB 1.14

Таласта пара алууга шектелген милиция кызматкери кармалды

Таласта пара талап кылгандыгы үчүн милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Т.Р.З. узак убакыт бою Т.Н.Т. аттуу жаранга басым көрсөтүп, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, акча талап кылып келген.

21-февралда УКМК кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Т.Р.З. талап кылынган паранын 100 миң сомун алып жаткан учурда кармалды.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар