Орусия, Украина жана АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы 26-27-февралда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысына шилтеме жасап, жазып чыгышты.
ТАСС агенттиги мурда сүйлөшүүлөр бейшемби, 26-февралда кайра башталышы мүмкүн экенин билдирген. Булактын айтымында, жолугушуу Женевада өтөт.
Кирилл Буданов ошондой эле Украина менен Орусиянын ортосунда туткундарды алмашуу боюнча жаңы келишим ушул аптада болушу мүмкүн экенин билдирди.

