11:36
USD 87.45
EUR 103.90
RUB 1.13

Тажикстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

Бүгүн, 13-февралда Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди. «Манас» эл аралык аэропортунда премьер-министрди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода сапарынын алкагында Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышат.Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары борбор калаадагы айрым инфраструктуралык ишканаларга барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышмакчы. Бул кадам экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрү белгиленүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар