09:53
USD 87.45
EUR 104.14
RUB 1.13

Быйыл Ош шаарында жаңы он мектеп курулат. Тизме

Садыр Жапаровдун көрсөтмөсүнө ылайык, Ош шаарында жаңы он мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2026-жылы республикалык бюджеттен каржыланып, Бишкекте 20, Ошто 10 жана Манас шаарында алты жаңы мектептин курулушу пландаштырылууда.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери менен биргеликте түштүк борбордогу социалдык объектилердин долбоорлорун жана келечектеги курулуш аянтчаларын карап чыгышты.

Анда 10 мектептин долбоорлору, алардын курула турган жерлери, инфраструктуралык камсыздоо маселелери жана курулуш иштеринин этаптары талкууланды. Ошондой эле жер тилкелеринин даярдыгы, долбоордук-сметалык документтердин тактыгы жана курулуш мөөнөттөрүн сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Аларга төмөнкүлөр кирет:

  • Өзгүр айылындагы С. Алымкулов атындагы No33 орто мектептин аймагында кошумча 375 окуучуга ылайыкташтырылган окуу имараты;
  • Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын Ж. Бөкөнбаев мектебинин аймагында кошумча 750 окуучуга ылайыкташтырылган окуу имараты;
  • Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында 1 миң окуучуга ылайыкташтырылган мектеп;
  • Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында 750 окуучуга ылайыкташтырылган мектеп;
  • Төлөйкан айыл аймагынын Ак-Буура 2 турак жай комплексинде жаңы 700 окуучуга ылайыкташтырылган мектеп;
  • Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылында жаңы 700 окуучуга ылайыкташтырылган мектеп;
  • Кызыл-Кыштак айылдык башкармалыгында 500 орундуу мектеп;
  • «Манас-Ата» МТУнун алдындагы Барпы Алыкулов атындагы № 38 орто мектептин аймагындагы кошумча окуу имараты;
  • Кызыл-Кыштак айыл аймагынын «Эне-Сай» жаңы турак жай конушунда 1 миң 200 орундуу жаңы мектеп;
  • Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Сүрөттүү-Таш айылында 500 орундуу жаңы мектеп.

Жыйындан соң мэр жана министр курула турган 10 мектептин аймагын көрүп чыгышты. Алар объектилердин сапаттуу, заманбап жана ачык-айкын курулушун талап кылышты.

Эң көп окулган жаңылыктар