Кыргызстанда отуз үч өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Агартуу министрлигинин 2025-жылды жыйынтыктоочу жыйынында Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы 746 өспүрүм дайынсыз жоголуп, издөөгө алынган. Алардын ичинен 713ү табылып, 33ү дагы эле изделүүдө, анын ичинде 15 кыз жана 18 эркек бала бар.
Жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияда кылмыштуулук боюнча каттоодо 3851 өспүрүм бар.

