10:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу. Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат

Бүгүн, 18-сентябрда саат 15:00дө КР Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйыны уланат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйын жабык эшик артында өтөт.

Эске салсак, 2022-жылдын 16-сентябрында төрага Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырган.

Ошол кезексиз жыйындын алкагында бүгүн депутаттар үчүнчү жолу чогулат.

Эң көп окулган жаңылыктар