Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан стратегиялык мааниге ээ болгон суу чарба объектиси — суткалык жөнгө салуу бассейни мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 1999-жылы өткөрүп берүү актысынын негизинде аталган суткалык жөнгө салуу бассейни мыйзамсыз түрдө «Пахарь» айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин балансына өткөрүлүп берилген. 2021-жылы Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен жогорудагы суу объекстиси «Пахарь» айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин менчигине өткөн жана андан соң жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик акт алынган.
Тергөө иш-чараларынан кийин мыйзамсыз менчиктештирилген суу инфраструктурасынын объектиси мамлекеттин балансына кайтарылып, Айыл чарба министрлигинин түзүмдүк бөлүмү болгон Ысык-Ата суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилди.
Маалымат үчүн: Совет доорунда айыл чарба жерлерин сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн күнүмдүк жөнгө салуу бассейндери активдүү курулган. Күнүмдүк жөнгө салуу бассейнинин негизги максаты — ашыкча суу топтоо мезгилинде (кыш же жаан-чачындуу мезгилде) сууну топтоп, андан кийин аны кургакчылык мезгилде колдонуу болуп саналат.

