15:13
USD 87.45
EUR 103.13
RUB 1.14

Ноокен районунда Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери дүйнө салды

Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери Ормон Дадажанов Ноокен районунда 99 жашында чын дүйнө салды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Славян диаспорасы ассоциациясынан билдиришти.

Ормон Дадажанов 1926-жылы 5-июнда Ноокен районундагы Масы айылында туулган. Ардагердин артында чоң үй-бүлөсү бир уул, алты кыз, 28 небере жана 37 чөбөрөсү калды.

1945-жылдын мартынан 1950-жылдын апрелине чейин ал № 26 атчандар полкунун 1249-аскер бөлүгүндө кавалерист болуп кызмат өтөгөн. Демобилизациядан кийин ал 1950-жылдардан 1980-жылдарга чейин Масы айылында машина-трактор станциясында ширетүүчү болуп иштеген.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда Экинчи дүйнөлүк согуштун эки гана ардагери калды: Базар-Коргон районунун тургуну 100 жаштагы Мурза Далиев жана Сузак районунун тургуну 101 жаштагы Мамасалы Жумаев.

Андан тышкары, бул аймакта мурдагы концлагер туткундары жашайт. Бири Манас шаарында, бири Аксы районунда, үчөө Базар-Коргон районунда жана бири Ноокен районунда турат.

Эң көп окулган жаңылыктар
9-февраль, дүйшөмбү