16:17
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Профессор Какиш Рыскулова 100 жашында дүйнө салды

Борбордук Азиядагы алгачкы аял-хирург, академик, билим берүүнүн отличниги, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери жана ишмери, медицина илимдеринин доктору, профессор Какиш Рыскулова 100 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиядан билдиришти.

Какиш Рыскулова 15-октябрда 1918-жылы Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда төрөлгөн. 1934-жылы Фрунзедеги республикалык медициналык училищеге тапшырган. 

Какиш Рыскулова 250дөн ашуун илимий эмгектин, 13 монографиянын, 11 ачылыштын автору.

Какиш Рыскулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-августта Кыргыз драма театрында саат 10до болот.

Эң көп окулган жаңылыктар