20:07
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Президент администрациясынын мурдагы жетекчиси Үсөн Сыдыков дүйнө салды

Белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 28-июлда Бишкекте көз жумду. Бул маалыматты маркумдун жакындары тастыктап, ал «бир аз ооруганын» билдиришти. Алардын айтымында, коштошуу зыйнаты 29-июлда өтөт.

Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ош облусунда туулган. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.

1992-1995-жылдары Казакстандагы соода өкүлү, «Кыргыз дан азык» ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген.

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2004-жылы «Кыргызстан элдик кыймылынын» аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар