17:03
USD 87.45
EUR 103.33
RUB 1.14

Камчыбек Ташиев Сузак районунун тургунуна үйүн бүтүрүүгө жардам берди

Бүгүн, 4-февралда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районундагы Барпы айылынын тургуну Турдубай Кожоевге жаңы үйдүн ачкычын тапшырды. Бул тууралуу коопсуздук комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Турдубай Кожоев 17 жылдан бери айылда молдолук кызматты аркалап келет. Ал өз жерине турак жай курууну баштаган, бирок каржылык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүүсүнөн улам курулуш иштери толук бүткөрүлбөй калган.

Айыл тургундарынын кайрылуусунан кийин бул маселени УКМК төрагасы жеке көзөмөлүнө алып, үйдүн курулушу толук аяктап, жашоого ылайыктуу абалга келтирилди. Бүгүн жаңы үйдүн ачкычы ээсине тапшырылды.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы

Иш-чаранын жүрүшүндө айыл аксакалдары молдого көрсөтүлгөн колдоо үчүн Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирип, баталарын беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар