13:34
USD 87.45
EUR 104.39
RUB 1.16

Кыргызстанга кант өндүрүү үчүн чийки затты импорттоого тарифтик жеңилдик берилди

Кыргызстанга кант өндүрүү үчүн чийки затты импорттоого тарифтик жеңилдик берилди. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынында айыл чарба тармагына түздөн-түз тиешелүү бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйында каралган маселелердин ичинен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана агрардык секторду колдоо өзгөчө мааниге ээ болду. Айрыкча, Кыргыз Республикасына кант чийки затын (камыш канты) импорттоого тарифтик жеңилдик берүү тууралуу чечим кабыл алынды. Ага ылайык, 2026-жылдын 31-декабрына чейин 20 миң тонна көлөмүндө камыш канты бажы алымдарынан бошотулат. Бул чара ата мекендик кантты кайра иштетүүчү ишканаларды колдоого алып, ички рынокто канттын баасын туруктуу кармоого шарт түзөт.

Айыл чарба тармагын чыңдоодогу дагы бир олуттуу кадам — ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Протокол долбоорунун жактырылышы болду. Документ агроөнөр жай комплексиндеги (АӨК) мамлекеттер аралык кооперациялык долбоорлорду ЕАЭБдин бюджети аркылуу каржылоо механизмин ишке киргизүүнү карайт. Буга чейин мындай каржылык колдоо өнөр жай тармагына гана берилсе, эми айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлор да жеңилдетилген каржылоого жетише алат. Бул импортту алмаштырууга жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, ЕЭК Кеңеши фитосанитардык карантиндик көзөмөл жүргүзүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Жаңы эрежелер ак ниеттүү ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, жалган маалымат көрсөткөн субъекттердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга жана Биримдиктин аймагында карантиндик коопсуздукту жогорулатууга багытталган.

Ошондой эле азык-түлүк өнөр жайы үчүн маанилүү чийки затка тарифтик жеңилдиктер берилди. 2027-жылдын 30-апрелине чейин какао-паста (майсыздандырылбаган), какао-май импорттук бажы алымдарынан бошотулат. Бул чара кондитердик продукция чыгарган ишканалардын чийки зат менен туруктуу камсыз болушуна, продукциянын өздүк наркынын төмөндөшүнө жана керектөөчүлөр үчүн баалардын өсүшүн чектөөгө шарт түзөт.

Кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар