Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Беларусь Республикасынын чемпионатынын жогорку лигасындагы «Динамо-Минск» футболдук клубу менен расмий келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн сезондо Гүлжигит «Торпедо» клубунун намысын коргоп, өзүнүн чеберчилигин жана мүнөзүн көрсөтө алган.
5 жаштагы футболчу мурда «Дордой», «Алга», «Неман», «Кайрат» жана «Торпедо» клубдарында ойноп, улуттук курамада 47 оюн өткөрүп, 6 гол киргизген.
«Биз улуттук курамабыздын оюнчусу менен сыймыктанабыз жана жаңы клубунда чоң ийгиликтерди каалайбыз», -деп айтылат маалыматта.

