Бүгүн, 20-январда саат 09:00дөн 02:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым жерлеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул күнү төмөнкү аймактарда суу өчүрүлөт:
- 3-кичи район;
- 4-кичи район;
- 5-кичи район;
- 7-кичи район;
- 8-кичи район;
- 9-кичи район;
- 10-кичи район.
Ошондой эле төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта суу болбойт:
Ч.Айтматов проспектиси — Абдрахманов көчөсү — Бакаев көчөсү — Масалиев проспектиси — Токтоналиев көчөсү — Ата-Түрк паркы — Ахунбаев көчөсү — Аламүдүн суусу — Түштүк чоң Чүй каналы — Байтик баатыр көчөсү — Ала-Арча суусу — Семетей көчөсү.
Суу өчүрүү Д-600 мм болгон түтүккө бурама тээктерди, Д-400 мм болгон 2 даана тосмону орнотуу жана Д-600 мм болгон суу өткөрмөнү Рысмендиев көчөсү, 1/1 аймагынан тышкары чыгаруу иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.
Бишкек мэриясы жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, ошондой эле шаар тургундарын алдын ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.

