12:50
USD 87.45
EUR 101.71
RUB 1.12

Өзбекстандан ташылып келген мал тузу Кыргызстанга киргизилген жок

Өзбекстандан ташылып келген 22 тонна мал тузу Оштогу кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайынан киргизилген жок. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүк Чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан текшерилип, анын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды. Тактап айтканда, аталган жүккө тиешелүү ветеринардык коштоочу документтер белгиленген талаптарга жооп бербейт.

Текшерүүнүн жыйынтыгында инспекторлор тарабынан жүктү артка кайтаруу боюнча акты түзүлүп, товар «Достук» чек ара көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра артка жөнөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар