13:23
USD 87.45
EUR 101.71
RUB 1.12

Бишкектеги массалык уулануу. 23 жабырлануучу медициналык жардамга кайрылды

Бишкектеги массалык тамак-аштан уулануу окуясынан кийин жыйырма үч адам Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатат. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, төрт бала менен кошо 18 адам ооруканага жаткырылган. Калгандары, анын ичинде бир бала, амбулатордук дарыланууга алынган.

"Бардык бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда, аларга тиешелүү дарылоо жүргүзүлүүдө. Анализдер алынган, ал эми Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүүдө«,- деп билдирет оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев.

Мурда бардык жабырлануучулар «Даамдуу» фаст-фуд дүкөнүндө шаурма жегени кабарланган. Мекеме айып пул салынып, жабылды.

Эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Лабораториялык текшерүүлөрдүн жыйынтыктары чыкканда кошумча маалымат берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар