10:35
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Бүгүн Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

2026-жылдын 1-январынан тартып Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн Аалы Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул чара жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктү жана аялдама комплекстерди куруу иштеринин башталышына байланыштуу кабыл алынууда. Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын негизинде кабыл алынып, 1-январдан тартып майрамдык эс алуу күндөрүн эске алуу менен ишке ашырылууда.

Мэрия курулуш мезгилинде тургундардын жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн убактылуу жабылуу зарыл экенин белгиледи.

Тургундарга бул чектөөлөрдү эске алуу менен маршруттарын алдын ала пландаштыруу сунушталат.

Эң көп окулган жаңылыктар