14:16
USD 87.45
EUR 102.60
RUB 1.09

Таласта жаңы жылдык балаты жаңыланган аянтта жандырылды

Таласта шаардын борбордук аянты толугу менен оңдолгондон кийин салтанаттуу ачылышы болду. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, башкы жаңы жылдык балаты да жандырылып, жаңы аят заманбап жарыктандырылды.

Облустук өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев тургундарды жана конокторду жаңыланган коомдук жайдын ачылышы менен куттуктады. Ал Талас шаарынын тургундарына бакубатчылык, гүлдөп-өнүгүү, биримдик жана ынтымак каалады.

Оңдоп-түзөтүүдөн кийин, борбордук аянт майрамдык иш-чаралардын негизги жерлеринин бирине айланып, шаарда толук кандуу жаңы жылдык маанай түзүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар