Эртең, 19-декабрдан тартып № 195 автобус каттамынын кыймыл чиймесине өзгөртүүлөр киргизилет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, чечим айрым көчөлөрдө жашаган азиз жана көрүүсү начар жарандардын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды.
Аталган тургундар үчүн коомдук транспортко жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүү шарттарын түзүү негизги максат болуп саналат.

