Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Египет Араб Республикасындагы элчилигин уюштуруу жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, бул чечим Кыргыз Республикасынын Египет Араб Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат:
Каир шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Египет Араб Республикасындагы элчилиги уюштурулсун.
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети:
1) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин штаттык санынын чегин 5 бирдикке көбөйтсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Египет Араб Республикасындагы элчилигинин ишин уюштуруу жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;
3) Өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.
Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Бул жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Жарлык Кыргыз Республикасынын Египет Араб Республикасы менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, билим берүү жана маданий-гуманитардык байланыштарын активдештирүү жана тереңдетүү, ошондой эле Египеттин аймагында жана Түндүк Африканын чектеш өлкөлөрүндө жүргөн 3 миңге жакын Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Египет Араб Республикасындагы элчилигинин ачылышы өлкөнүн тышкы саясатын Африка континентинде ишке ашырууга, тышкы саясий байланыштарды диверсификациялоого жана дипломатиялык катышуу географиясын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

