18:27
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.10

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт

Бишкекте Ж.Пудовкин — Безымянная көчөлөрүнүн кесилишинде 16-декабрь күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган көчөдө Д-100 мм болгон объектти туташтыруу иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт. Мында «Орто-Сай» базарында жана бир катар үйлөрдө суу жок болот.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекемелерди жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар