Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматы тараткан маалыматка ылайык, 13-декабрдан 15-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.
Кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон ашуулар:
- Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдардагы Төө-Ашуу ашуусу;
- Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайлары (198-255 чакырымдар);
- Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
- Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
- Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 40-90 чакырымдарында;
- Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);
- Балыкчы — Казарман— Жалал-Абад унаа жолунун 326-349 чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүүcү, кар күрткүсү күтүлөт.

