14:06
USD 87.45
EUR 101.90
RUB 1.14

Пайдалуу кеңеш: Майонездин билинбеген зыяндары аныкталды

Эндокринолог Маргарита Белоусова майонезди ашыкча колдонуунун ден соолукка тийгизген зыяндарын түшүндүрдү. Бул тууралуу Lenta.ru сайты жазды.

«Майонез өндүрүүдө көп өлчөмдөгү күн карама майы колдонулат, бул анын калориялуулугун өтө жогору кылат. Мисалы, дүкөндөн сатылып алынган 100 грамм соуста болжол менен 700 килокалория бар. Бул семирүү жана омега-6 май кислоталарын ашыкча колдонуу коркунучун жогорулатат. Мындан тышкары семирүүгө жана жүрөк кан тамыр ооруларынын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн», — деп эскертти дарыгер.

Өнөр жай жолу менен өндүрүлгөн майонездин курамында көбүнчө транс майлар бар экенин белгиледи. Алар азыктын сактоо мөөнөтүн узартуу үчүн кошулат. Эндокринолог бул заттар атеросклероздун коркунучун жогорулатат деп түшүндүрдү.

Ошол эле учурда, дарыгер майонезди рационуңуздан толугу менен алып салуу сунушталбай турганын баса белгиледи. Жөн гана аны ашыкча колдонбоо маанилүү. Мисалы, бул соус менен айына бир-эки жолу салат жасасаңыз болот. Дарыгер 500 грамм салатка эки-үч аш кашык майонез жетиштүү болот деп кеңеш берди. Же болбосо, ал салатты йогурт же айран менен соустап көрүүнү да сунуштады.

Эң көп окулган жаңылыктар