11:03
USD 87.45
EUR 102.12
RUB 1.13

Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегаты ишке киргизилди

Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегаты ишке киргизилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, реконструкция толугу менен аяктады. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Токтогулдагы модернизацияланган төртүнчү гидроагрегатты жана Үч-Коргон ГЭСиндеги экинчи гидроагрегаттынын иштешине старт берди.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегаты ишке киргизилди

4-агрегаттын ишке кириши менен Токтогул ГЭСинин 1200 мегаваттык кубаттуулугу, модернизациядан кийин 1440 мегаваттка көбөйдү. ГЭСтин агрегаттарын реконструкциялоо иштери 2021-жылы башталган. Ар бир агрегатын реконструкциялоодо 60 мегаваттан кошулуп, станцияга жалпысынан 240 мегаватт кубаттуулук кошулду.

Ал эми Үч-Коргон ГЭСинин 2-агрегатын ишке киргизүү менен 9 МВТ кубаттуулук кошулду. Буга чейин 2024-жылы ГЭСтин 1-агрегаты толугу менен алмашылып, 9 МВт кубаттуулук кошулган. Эми ГЭСтин калган эки гидроагрегатын 2026-жылы реконструкциядан өткөрүү пландалууда. Жалпы төрт гидроагрегат алмашылгандан кийин ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна 36 МВт кошулат.

Эскерте кетсек, ГЭСтерди модернизациялоонун негизги максаты алардын кубаттуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар