23:04
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкекте жол оңдоо иштери. Бир эле убакта үч жол тилкеси жабылууда

Бишкекте жолдорду калыбына келтирүү иштеринин алкагында үч тилке жабылууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Жаш Гвардия бульварынын Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү 11-июндан баштап жолдун чыгыш тарабында жабылып, Бөкөнбаев көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Турусбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу унаа кыймылы үчүн эки тараптуу жолго айланат.

Кошумчалай кетсек, Медеров көчөсүн капиталдык оңдоо иштеринин алкагында 11-18-июнь күндөрү Абай жана Тыныстанов көчөлөрүнүн эки кесилишинде унаа кыймылы убактылуу жабылат.

Жол тыгындарын болтурбоо үчүн шаар бийлиги маршрутту алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар