Бүгүн, 10-июнда Улуттук илимдер академиясында «Чыңгыз Айтматов — түрк дүйнөсүнүн келечеги» аттуу эл аралык форум өтүүдө. Бул тууралуу КР УИАнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара ТҮРКСОЙдун башкы катчылыгы, Анкара шаарындагы Ч.Айтматов институту жана УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту тарабынан уюштурулду.
Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Анкарада ачылган Ч.Айтматов институтун колдогону үчүн Түркиянын Президенти Режей Тайип Эрдоганга ыраазчылык билдирип, Түркия экономикалык, социалдык, маданий тармактарда колдоо көрсөтүп, өзгөчө боордоштук мамиле жасап келатканын айтты. «1986-жылы Чыңгыз Айтматов уюштурган Ысык-Көл форумуна дүйнөлүк масштабдагы 14кө жакын философтор, сүрөтчүлөр, акын-жазуучулар, ойчулдар чогулган, эми аны жандандыруу керек» — деди ал.
«Аалам катастрофа кырына келип, өз огунан чыкканы турат. Бул Айтматовдун чыгармаларында эчак эле жазылган. Айтматов өз чыгармаларына чекит койгону менен анын идеялары, ойлору кылымдар жашай берет. Айтматовдун раритети — адамзаттын рухуна негизделген. Ал 80 жылдык өмүрүндө кылымдарга жетчү идеяларды калтырып кетти», — деди Султан Раев.
Академик Абдылдажан Акматалиев Чынгыз Айтматовдун чыгармалары 170 тилге качан, кантип которулганын изилдеп келатышканын, мисалы, чыгармалары Францияда 50, Кытайда 37 жолу басылганын, Айтматов тууралуу жазылган макалалар китебин чыгаруу колго алынганын, ага арналган ырларды кыргыз, орус тилдеринде чыгарышканын айтты. А.Акматалиев Анкарада ачылган Айтматов институтунун филиалдарын ачуу керектигин жана Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлык уюштуруу зарылдыгын белгиледи.
Форумдун аягында Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен Анкарадагы Чыңгыз Айтматов институтунун директорлору кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Эки күндөн кийин түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген делегация Ысык-Көлгө барып, Анкарада ачылган Ч.Айтматов институтунун алдыга койгон пландары, түзүмү тууралуу талкуулашат.