USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Нарында чабандар кар баскан жайыттарда калды: ӨКМ кандай жардам берди?

10:04, 03 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Арпа жана Ак-Сай өрөөндөрүндө 1-июнь күнү жааган калың кардан кийинки абал боюнча маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, абал туруктуу. Куткаруучулар жайлоого чөп жөнөштү.

Аба ырайынын начарлашынан улам Арпада кардын калыңдыгы 20-25 см болсо, Кында ашуусунда, Ак-Сайда 15 сантиметр жааган. ӨКМ бул жактагы чабандар менен байланыш бар экенин билдирди.

Тоютсуз калган малга ээлери жем-чөп жеткирип, Казыбек жана Кара-Суу айыл өкмөттөрү техникадан жана күйүүчү майдан жардам берип жатканы айтылды. Жайлоого эрте чыгып кеткен айрым чабандар аба ырайынан улам кайра ылдый түшкөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика