USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Кыргызстанда Улуттук инвестициялык фонд иштей баштады

14:47, 19 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондуна башкы директор дайындалды. Директорлор кеңеши Уран Темирбековду башкы директор кылып дайындады.

Маалым болгондой, ал буга чейин Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун жетекчиси кызматын аркалап келген.

Уран Темирбеков

Улуттук инвестициялык фондду түзүү тууралуу президенттин жарлыгы 2024-жылдын июнь айында жарыяланган. Фонддун уставдык капиталына мамлекеттин катышуусу менен бир катар компаниялар которула турганы айтылган.

Жаңы фонддун негизги максаттары:

фонддун жана анын портфелдик компаниялардын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн камсыз кылуу;

фонддун жана анын портфелдик компаниялардын наркынын туруктуу өсүшүн жогорулатуу жана камсыз кылуу, ошондой эле фондду жана анын портфелдик компанияларын эл аралык жана жергиликтүү капитал рынокторуна чыгаруу жолу менен инвестицияларды тартуу;

фонддо жана анын портфелдик компанияларында корпоративдик башкаруунун мыкты тажрыйбаларын киргизүү;

мамлекеттик программаларды жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүү.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коому 2025-жылдын 16-майында каттоодон өткөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика