Бүгүн Кыргызстандын аймагында дагы жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөө саат 12:38де болгону такталды. Жер титирөөнүн очогу өлкө аймагында, Жаңы-Талап айылынан 7 чакырым түштүк-батышты карай, Баетово айылынан 18 чакырым түндүктө, Нарын шаарынан 88 чакырым батышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү: Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Байгончок, Үгүт, Көк-Жар, Ак-Талаа, Кара-Ой айылдарында 4,5 балл, Баетово, Жылан-Арык, 8 Марта айылдарында 4 баллга жеткен. Эмгек-Талаа, Достук, Шоро, Дедемел, Кош-Булак, Куланак конуштарында — 3 балл, Нарында — 2,5 балл.
Эске салсак, бүгүн да 7.33тө жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу республиканын аймагында, Жаңы-Талап айылынан 9 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.