Президент Садыр Жапаров Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевге Республикалык диагностикалык борбордогу көйгөйлөрдү чечүү үчүн эки күн мөөнөт берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров Республикалык диагностикалык борборуна пландан тышкары барды.Учурда чет элдик адистердин катышуусунда балдардын кардиохирургиясы боюнча гуманитардык программа ишке ашырылып жаткан мекеменин иш жагдайынын оордугу тууралуу тынчсыздандырган белгилер себеп болду.
Мамлекет башчысына жүрөктүн оор патологиясынан жабыркаган 24 бала операцияны күтүп жатканы маалымдалды. Операция башталгандан бери акыркы күндөрү балдар өлүмүнүн үч кайгылуу учуру катталды.
Чакырылган адистер борбордо квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шарттар жок экендигин билдиришти.
Диагностика так маалыматтарды бербеген бир эскирген УЗИ аппаратында жүргүзүлөт. Толук кандуу стерилизациялык бөлмө жок — жабдуу каражаттары башка медициналык мекемеге унаа менен жеткирилип, бейтаптарды инфекция жугузуу коркунучуна дуушар кылууда.
Кээ бир балдар операцияга мурдатан эле өрчүгөн инфекция менен келип жатышат.
«Министр биринчи кезекте медициналык мекемеде зарыл шарттарды түзүп бериши керек. Ар бир маселе чечилгенге чейин күнү-түнү ушул жерде болууга тийиш. Бул үчүн туура эки күн убакыт берем», — деген Садыр Жапаров Эркин Чечейбаевге сөгүш жарыялоону тапшырды.