19:51
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине төлөмдөрдүн көлөмү жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Жеңиш күнүнө карата социалдык колдоо чараларын жарыялады. 2025-жылдын 9-май Жеңиш күнүн майрамдоонун алкагында, Министрлик тарабынан жалпы суммасы 7,3 миллион сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жөлөк пул каралган.

Ага ылайык, 26 жеңилдетилген категорияга кирген жалпы 36 091 жаран мурдагы социалдык жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация алышууда. Бул максатта 2025-жылдын 1-кварталында республикалык бюджеттен 215,4 миллион сом бөлүнгөн.

Өзгөчө көңүл Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптарына бурулат. Тактап айтканда, 13 согуштун катышуучусу, 1 майып, 7 концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткунуна, «За оборону Ленинграда» медалы жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйланган 11 адам ар бири ай сайын 17 000 сомдон алышат. Бул сумма төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

— 7 000 сом — жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация;

— 3 000 сом өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы;

— 7 000 сом — Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына үстөк акы.

Бир жолку төлөмдөр төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

— Улуу Ата Мекендик согуштун майыбына — 20 600 сомдон;

— согуштун катышуучуларына, концлагердин мурдагы жашы жете элек туткундарына жана «Ленинграддын коргоочусу» белгисинин ээлерине — 20 400 сомдон;

— согушта курман болгон жоокердин жесирине — 15 200 сом;

— Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында тылда каармандык менен эмгектенип, СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган адамга — 15 100 сомдон.

Министрлик бул төлөмдөр Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана тылдагы эмгекчилерди урматтоо максатында жыл сайын жүргүзүлөрүн белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар