USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Суучулдар Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоону башташты

16:04, 17 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

КР ӨКМнин Суучулдарды тейлөө борборунун кызматкерлери Ысык-Көлдү таштандылардан жана жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө коркунуч туудурган торлордон тазалоого киришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору билдиргендей, биосфералык зонада экологиялык кырсыктын алдын алуу жана көлдү сактап калуу максатында КР Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2023-жылдын 12-мартында көлдү тазалоо иштери башталган. Документке ылайык, иш 2026-жылдын декабрына чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын декабрынын аягынан 2025-жылдын апрелине чейин жабдууларды, ошондой эле атайын шаймандарды жаңылоо жана оңдоо иштери үчүн тазалоо иштери токтотулган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика