Бүгүн, 16-апрелде президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан Кубанычбек Маликов көчөсүндө курулган «Мурас» турак жай комплексинде 476 үй-бүлөгө батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы бүгүнкү батирлердин ачкычтарын тапшыруу — масштабдуу комплекстин курулушунун экинчи этабынын ийгиликтүү аякташы экенин баса белгиледи.
«Бул ири долбоордун алкагында жалпысынан 5 миңден ашык батир салынып, кезек күткөн жарандарыбыздын колуна өткөрүлүп берилмекчи. Өткөн жылдын аягында аталган комплекстин биринчи этабында биз 510 батирди муктаж болгондорго тапшырган элек. Турак жай комплекси 2026-жылдын соңунда толугу менен бүткөрүлүп берилет», — деп Садыр Жапаров канааттануу менен айтты.
Бул этапта 476 батирлүү 18 кабат үй курулду. Жалпысынан турак жай комплекси 18 жана 24 кабаттан турган отуз тогуз блокту камтыйт.
«Кыргызстан — социалдык мамлекет. Андыктан өлкөбүздүн социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө, анын ичинде элибизди жеткиликтүү жана сапаттуу үйлөр менен камсыз кылууга биринчи кезектеги мааниге ээ», — деп баса белгиледи президент.
Садыр Жапаров белгилегендей, кезекке туруп, батир алып жаткандардын катарында жаш үй-бүлөлөр, мугалим агай-эжейлер, дарыгерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, күч органдарынын кызматкерлери жана чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиз бар. Ошентип, «Менин үйүм» программасы узак мөөнөттүү, жеткиликтүү жана туруктуу шарттар менен ипотекалык каржылоону камсыз кылууда. Бул иш-аракеттер муктаж жарандарыбыз үчүн өз үйүнө ээ болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
Мамлекет башчысы турак жай менен камсыздоо жаатындагы социалдык милдеттерди чечүү аркылуу экономиканын туруктуу өнүгүшүнө жана жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатууга жетишерибизди ырастады.
Мындан тышкары президент жер-жерлерде жаңы турак жай куруу үчүн мезгил кутулары салынганын баса белгилеп өттү. Азыркы тапта республика боюнча 60 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. Ал ипотекалык механизмдердин жардамы менен турак жайга муктаж болгон бардык жарандарды үй менен камсыз кылабыз деген ишенимин билдирди.