05:54
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Бишкек шаарында жамгыр жаашы күтүлөт. 17-20-апрелге карата аба ырайы

Бишкекте аптанын экинчи жарымында жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.

17-апрелде ала булут каптап турат. Түнкүсүн салкын — болгону +4 градус болот. Күндүз +23 градуска чейин жылыйт.

18-апрелде: жаан жаап, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +7 градус жылуу болот. Күндүз +16 градуска чейин гана жылыйт.

19 жана 20-апрелде ала булут каптайт. Түнкүсүн абанын температурасы +2 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Күндүз термометр +20 градуска чейин көтөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар