21:58
USD 87.45
EUR 99.46
RUB 1.07

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт.

«Бишкекгаз» кызматы жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 16-18-апрель күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн маалымдайт:

Лермонтов көчөсү, ЧЧК, Биринчи май көчөсү, Бакай-Ата конушу.

Аталган кызмат түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Жумуштар газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG