06:58
USD 87.45
EUR 99.46
RUB 1.07

Ысык-Көлдө мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке алынды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бир катар объектилерди мамлекеттин менчигине кайтарды:

— Түп районунун Түп айылындагы Түп колхоздор аралык курулуш уюмунун 2,30 га аянттагы курулуштары жана жер участогу; (Түп айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди);

— Түп районунун Талды-Суу айылынан 0,50 га жер тилкеси (Каркыра айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү).

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантууда.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG