Эртең, 15-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.
Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18;
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 9...11°, күндүз 21...23° жылуу болот.