Бишкектеги Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 103 жылдык мааракесине карата эскерүү жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонддун жана Согуш ардагерлер кеңешинин, Куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар Чолпонбай Түлөбердиевдин элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерип, эстеликке гүл коюшту.