Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы медициналык-социалдык эксперттик комиссияда майыптык тобун аныктоодо коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
УКМК саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы тарабынан майыптык тобун аныктоодогу коррупциялык схеманы аныктады.
Тактап айтканда, Лейлек райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын мүчөлөрү майыптыгы бар жарандардын майыптык тобун аныктап берүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылуу менен алектенген.
Баткен районунун тергөө судьясы тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек райондор аралык МСЭКтин төрагасы эксперт А.Ж.А. жана врач эксперт Э.У.Б. тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан 3 миң сомдон 5 миң сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражатын системалуу түрдө алгандыгын тастыктаган материалдар алынды.