Бишкекте аптанын биринчи жарымында ала булут каптап, жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
14-апрелде: жаан жаап, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +14 градус жылуу болот. Күндүз аба +20 градуска чейин гана жылыйт.
15-апрелде кургакчыл, бирок ала булут каптап турат. Түнкүсүн +9...+11 градус жылуу болушу күтүлөт. Күндүз термометр +22 градуска чейин көтөрүлөт.
16-апрелде түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, салкын +8 градуска чейин жылыйт. Күндүз бир аз булут каптап, +18 градус жылуу болот.