Эртең, 12-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.
Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22
Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 18...23
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11°, күндүз 26...28° жылуу болот.