Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы менен Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору коррупциялык кылмыштар боюнча камакка алынганын билдирди.
УКМК тарабынан сот департаментиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында облустук сотту жаңы имаратка көчүрүү, эмеректерди демонтаждоо жана кураштыруу жана башка чыгымдарга байланыштуу расмий тендерлерди өткөрүү фактылары аныкталды. Ошол эле учурда бул максатка багытталган акча каражаттары афилляцияланган фирмаларга которулуп, андан ары накталай акчага айландырылып, Жалал-Абад облусунун Сот департаментинин башкармалыгынын башчысы Т.А.Т.га ыйгарылганы такталды.
Ошондой эле 2025-жылдын февралында Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Ж.З.С. тарабынан Сот департаментинин Жалал-Абад башкармалыгынын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө пландуу текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө табылган мыйзам бузууларды жашыргандыгы үчүн ал Сот департаментинин жетекчисинен акча каражатын алгандыгы аныкталды. Өз кезегинде башкармалыктын жетекчиси кол алдындагылардан акчалай каражаттарды бонустук төлөмдөрдү формалдуу эсептөө аркылуу чогулткан.
Аталган факты боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Т.А.Т. жана Эсептөө палатасынын инспектору Ж.З.С. кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.